Бишкек, 10.12.25. /Кабар/. Өлкөдө камсыздандыруу төгүмдөрү өсүп, камсыздандырылган турак жайлар бир кыйла көбөйдү. Бул тууралуу "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКтын Камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу департаментинин директору Актан Турумбеков "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматы боюнча, 2025-жылы камсыздандыруу төгүмдөрү 128,5 млн сомго жетти. Турумбеков белгилегендей, бул тенденция табигый кырсыктардын өсүп кетүү коркунучун жана каржылык коргоо инструменттеринин маанилүүлүгүн чагылдырат.
Директор турак жайды камсыздандыруу маселесине токтолуп, Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы 236 камсыздандыруу доосу боюнча 30,5 млн сом төлөгөндүгүн билдирди. Бир жыл мурда 240 доо боюнча 37 млн сомдук төлөм төлөнүп берилген.
"Турак жайларга байланышкан табигый кырсыктардын жана окуялардын саны өспөсө да, азайган жок. Ошого карабастан, жарандардын мамлекеттин саясатына макул болуп, үйлөрүн алдын ала камсыздандырып жатканы кубандырат", — деди ал.
Турумбековдун айтымында, төлөмдөрдүн көбөйүшү түзүлгөн келишимдердин санынын өсүшүнөн улам мүмкүн болду.
Кыргызстанда болжол менен 1 млн 250 миңдей үй бар жана бүгүнкү күндө 355 миңден ашууну камсыздандырылган, бул өлкөнүн турак жай фондунун 28-29 пайызын түзөт. 2024-жылы бул көрсөткүч болгону 20 пайыз деңгээлинде болчу.
Ошентип, бир жыл ичинде милдеттүү камсыздандыруу менен камтуу дээрлик 50 пайызга өскөн, бул Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун баамында, жарандардын мамлекеттик камсыздандырууга болгон ишениминин артып, өз мүлкүн коргоонун маанилүүлүгүн түшүнгөндүгүн билдирет.