Кыргызстанда 21 соцмекемеге экологиялык таза жылытуу системасы орнотулат

Коом Жүктөлүүдө... 24 Июль 2026 12:35
6qp1dcv3z64.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.07.26 /Кабар/. Кыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу максатында 21 мамлекеттик билим берүү мекемесине экологиялык таза жылытуу системаларын киргизүү пландалууда.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) эксперттери менен "Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда тараптар абага бөлүнгөн зыяндуу заттарды азайтуу, абанын сапатын башкаруу системасын өнүктүрүү, социалдык мекемелерде таза жылытуу технологияларын колдонуу жана адистерди окутуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен KOICA долбоорду ишке ашыруу багытында кызматташууну улантууга даяр экенин билдиришти.