Кыргызстанда 2030-жылга чейин дагы 40 соода-логистикалык борбор курулат

Экономика 24 февраль 2026 16:28
Кыргызстанда 2030-жылга чейин дагы 40 соода-логистикалык борбор курулат

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын экспорттук дараметин арттыруу максатында 2030-жылга чейин өлкө аймагында кошумча 40 соода-логистикалык борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул кадам өлкөнүн 2030-жылга чейинки стратегиялык өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылат.

Анын ичинде 2026-жылдын соңуна чейин 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкананы ишке киргизүү каралса, алардын сегизи ири логистикалык борборлор болмокчу.