Бишкек, 07.02.25. / Кабар/. Кыргызстанда 49 миңден ашуун ипотекалык батир курулуп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик ипотекалык компаниянын стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айбек Кубаталиев билдирди.
Анын айтымында, батирлердин курулушун 2030-жылга аяктоо пландалууда. Курулуш иштери өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүүдө, анын ичинде:
- Бишкек шаарында – 17 миң 425 батир;
- Чүй облусунда – 8 миңден ашык;
- Ысык-Көл облусунда – 5 миң 115;
- Нарын облусунда – 433;
- Талас облусунда – 319;
- Ош облусунда – 5 миң 674;
- Баткен облусунда – 4 миң 272.
Курулуштун жалпы көлөмү 49 миң 56 батирди түзөт.
“2025-жылдын аягына чейин Бишкек, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу аяктайт”, - деди Кубаталиев.
Ал ошондой эле 2025-жылдын биринчи кварталында Бишкектин Маликов көчөсүндөгү 476 батирдин курулушу (1-этап, 2-фаза) бүтөрүн, ал эми Айтматов көчөсүндө 600гө жакын батирди пайдаланууга берүү пландалып жатканын кошумчалады.