Кыргызстанда 20-октябрдан тарта айыл чарбаны каттоо башталат

Коом Загрузка... 02 Октябрь 2025 15:30
imgonline_com_ua_resize_noax1xkiglcjzeg_0.jpg

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Кыргызстанда 20-октябрдан 10-ноябрга чейин 2025-жылдагы айыл чарба каттоосу расмий түрдө башталат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Комитет белгилегендей, бул иш-чара өлкөнүн айыл чарба тармагынын абалы тууралуу актуалдуу маалыматтарды алуу үчүн ачкычы болуп саналат.

Эл каттоого республикалык бюджеттен 277,7 миллион сом, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун колдоосуна 55 миң доллар бөлүнгөн.

Эл каттоого 6791 убактылуу кызматкер тартылган.

  • 2025-жылдын 15-майынан 15-июнуна чейин чарба жүргүзүүчү субъекттердин тизмелерин тактаган 1179 эсепчи;
  • 20-октябрдан 10-ноябрга чейин маалымат чогулта турган 4494 эл каттоочу;
  • 898 инструктор-көзөмөлчүлөр, алар 1,5 ай ичинде эл каттоонун сапатына көз салышат;
  • Үч ай ичинде 220 координатор уюштуруучулук колдоо көрсөтөт.

Бөлүнгөн каражаттын басымдуу бөлүгү кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө жумшалат. Калган каражат эл каттоону уюштурууга жана өткөрүүгө жумшалат.