Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо иштери кызуу уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда республика боюнча 562,6 миң гектар аянттан дан эгини жыйналып, бул жалпы аянттын 91,1 пайызын түздү.
"Жалпысынан 1 млн 937,6 миң тонна түшүм алынып, орточо түшүмдүүлүк гектарына 29,8 центнерди түздү. Дан өндүрүүдө Чүй облусу 699,4 миң тонна менен алдыда. Мындан тышкары, 43,7 миң гектардан 757,2 миң тонна жашылча, 671,8 миң тонна картошка жыйналды. Картошка өндүрүүдө Ысык-Көл облусунда 257,2 миң тонна түшүм алынды", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тшыкары, бахча өсүмдүктөрүн жыйноо 86 пайызга аткарылып, 211,1 миң тонна продукция жыйналды. Түштүк аймактарда пахта жыйноо улантылып, азыркыга чейин 3 миң тонна пахта алынды.
Чүй облусунда кант кызылчасын казуу башталды. Ошондой эле май өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы 8,7 миң тоннаны түздү.