"Коомдук демилгелер" улуттук долбоорунун алкагындан 18 жаңы бала бакча курулат

Коом Жүктөлүүдө... 24 Июль 2026 11:25
719798035_3866980613445109_6257839547305247753_n (2).jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. Агартуу министрлиги менен Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) өлкө аймактарында курула турган жаңы бала бакчалардын долбоорлорун талкуулады.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр Догдуркүл Кендирбаева бала бакчаларды курууда балдар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана өнүктүрүүчү чөйрө түзүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

753702614_2055597418662939_2656522471122072895_n

Анын айтымында, жаңы мекемелерде жашыл зоналар, коопсуз эмеректер, өрт коопсуздугу талаптары жана өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн шарттар каралышы керек. Ошондой эле ички жасалгалоодо улуттук баалуулуктарды чагылдырган элементтерди колдонуу сунушталды.

753260232_1676987313359206_6763662552755424513_n

Белгиленгендей, "Коомдук демилгелер" улуттук долбоорунун алкагында республика боюнча 18 жаңы бала бакча курулуп, дагы төрт мектепке чейинки билим берүү мекемесинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.

753169782_1028233733400113_5501547366386220512_n