Кыргызстанда 17 инвестдолбоор кытай стандарттарына ылайык ишке ашууда

Коом 16 октябрь 2025 08:55
565699009_1319376386328074_8429496759745766014_n.jpg
562075847_1319376056328107_6511347405828781324_n.jpg
563403212_1319376099661436_4545976232595443734_n.jpg
563428263_1319376339661412_433214696308124250_n.jpg
563630707_1319376049661441_977827759312626790_n.jpg
564025321_1319376316328081_3802499533148748848_n.jpg
564033485_1319376089661437_8045385435856182571_n.jpg
564595531_1319376416328071_4186376377848952602_n.jpg
565127922_1319376152994764_5325423046064645116_n.jpg
565637236_1319376126328100_3444290693418492991_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. Күн мурун курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде курулуш тармагындагы маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу жана тармакка заманбап технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.

Нурдан Орунтаев Кытай менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш тармагында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып, инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын билдирди.

"Кытай – курулуш тармагындагы локомотив жана биздин негизги өнөктөшүбүз”, - деди ал.

Ошондой эле Кытайдын Кыргызстандын курулуш тармагына болгон колдоосун белгилеп, тармактагы активдүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал эми элчи Лю Цзянпин Кыргызстандын курулуш тармагынын келечеги кең экенин жана соңку жылдардагы жетишкендиктери тууралуу айтты.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын башынан тартып эки өлкө ортосунда 23 инвестициялык долбоор каралып, анын 17си Кытайдын улуттук стандарттарына ылайык ишке ашырылууда. Алардын катарында темир жол куруу, кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоо, энергия өндүрүү жаатындагы бир катар долбоорлор бар.