Кыргызстанда 11 айда ИДП 10,2 пайызга өстү

Экономика Загрузка... 15 Декабрь 2025 10:26
2.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2025-жылдын январь-ноябрында Кыргызстандын ички дүң продуктусу 1 трлн 628,6 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,2 пайызга өстү.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, ИДПнын өсүшү товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктардын эсебинен камсыз болду.

Мында товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-ноябрь айларына  салыштырмалуу 12 пайызга, кызмат көрсөтүү тармактарынын өсүү темпи 8,9 пайызга, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 10,5 пайызга жогорулады.  

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (49,3 пайыз) кызмат көрсөтүү тармактарына туура келди, бул өткөн жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 1,8 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн. Ошол эле учурда товар өндүрүү тармактарынын үлүшү, тескерисинче,  1,7 пайыздык пунктка жогорулап, 35,3 пайызды түздү. Мында курулуштун үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу   1,3 пайыздык пунктка өскөн болсо, өнөр жайдын үлүшү - 1 пайыздык пунктка өскөн, ал эми айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 0,6 пайыздык пунктка төмөндөгѳн.