Бишкек, 16.09.25 /Кабар/. Кыргызстанда 2025-жылдын 1-октябрынан тарта пенсия жогорулайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдирди.

Белгиленгендей, Министрлер кабинети "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2025-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө токтом кабыл алган.
Токтомго ылайык, 2025-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 50 000 (элүү миң) сомго чейинки пенсиялар үчүн 1,10 өлчөмүндө бекитилген.
Ошондой эле 2025-жылдын 1-октябрынан кийин дайындалуучу пенсиялардын жалпы өлчөмү ушул мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, пенсиянын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен үстөктөрдү эске алуу менен 7 100 (жети миң бир жүз) сомдон кем болбойт деп белгиленген.