Кыргызстанда 1-октябрдан тарта минималдуу пенсия 8,8 миң сомду түзөт

Коом Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 14:40
77777_pQgTmqR.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын өлчөмү олуттуу көбөйтүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Кабар подкаст" берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, учурда минималдуу пенсиянын өлчөмү 7 миң 100 сомду түзөт.

"Мурда пенсия жыл сайын 200-300 сомго, эң көп дегенде 500 сомго көбөйчү. Ал эми 1-октябрдан тарта минималдуу пенсия 8 миң 800 сомду түзүп, 1 миң 700 сомго жогорулайт", - деди Касымалиев.