Кыргызстанда 1 380 ветеринар иштейт

Коом Загрузка... 07 Апрель 2025 12:33
314d22b1-f748-4f5e-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Кыргызстанда жалпы 1380 ветеринардык дарыгер иштейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү комитетинде Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы мекемесинин директору Улугбек Кожобергенов билдирди.

Анын айтымында, булар жеке жана мамлекеттик дарыгерлер. "Биз ар бир айыл өкмөткө ветеринардык дарыгерди жайылтуу боюнча активдүү иштеп жатабыз. Азыр аймактарды ветеринарлар менен камсыздоо 70-80%ды түзөт. Майдын аягына чейин ар бир айыл өкмөттө ветеринардык дарыгер иштей турган абалга жетебиз. республика боюнча штатта 645 мамлекеттик ветврач бар", - деди ал.

Бирок, депутаттар бул маалыматтарга ишенишпей, ветврачтар менен камсыздоо 50%га дагы жетпей турганын айтышты.

Депутат Аманкан Кенжебаев эл өкүлдөрү аймактарда тургундар менен жолугушууда айыл өкмөттөрдө ветврачтар жок экенин айтып атышканын белгиледи.