Коомчулукта Кыргызстандын аймагындагы жерлерди Кытай 49 жылга ижарага алып жатат деген пикирлер байма-бай айтылууда. Эми логистикалык кызматташтык жаңы баскычка чыгууда. Эки өлкө биргелешип логистикалык-транспорттук борбор куруу алдында турат. Аталган долбоор үчүн Кыргызстан Кытайдан 9 гектар жер тилкесин сатып алууда. Бул долбоордун алкагында эмне иш аткарылары жана ал Кыргызстанга кандай мүмкүнчүлүктөрдү берери тууралуу “Кабар” агенттиги баяндайт.
Сиань шаарында кыргыз-кытай логистикалык борбору курулат
Логистикалык-транспорттук борбор Кытайдын Сиань шаарына курулат. Бул демилгени ишке ашыруу үчүн ортодо биргелешкен “Кыргыз Инвест Транс” аталышындагы компаниясы түзүлдү. Компаниянын кытай тараптагы башкы директору Хоу Сун Тао жакынкы күндөрү аталган шаардын өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлө тургандыгын билдирди.

“Борборду куруу үчүн Кыргызстан жер сатып алууда. Эки тарап макулдашууларды аяктагандан кийин, курулушу ишке кирип, болжолдуу түрдө сентябрь айынын аягында пайдаланууга берилет.
Бул долбоор Кыргызстан - Кытай - Өзбекстан темир жолуна карата курулууда. Ал бүткөнгө чейин мультимодалдык ташуулар жүргүзүлүп турат. Атап айтканда, товарлар унаа жана башка темир жолдор аркылуу Сиань шаарынан Кашкарга келип, андан Ошко жеткирилет. Товарлар Ош шаарында убактылуу түзүлгөн хабга түшүп, Кыргызстандын ар тарабына жана андан ары башка өлкөлөргө жөнөтүлөт”,-деди ал.
Атап айтканда, темир жол ишке киргизилгенге чейин бул иштерди алдын ала аткарылып, товарлар бир жерден жөнөтүлүп, жүгүртүүнүн көлөмү менен кирешени көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Логистикалык борбор эки тараптуу товар жүгүртүүгө жол ачат
Хоу Сун Тао бул жерде сөз эки тараптуу товар агымы жөнүндө болуп жаткандыгын да белгилейт.
“Башкача айтканда, Кытайдан товарлар Кыргызстанга, андан ары башка өлкөлөргө гана жөнөтүлбөстөн, тескерисинче, Кыргызстандан чыккан продукциялар жана товарлар ушул багыт аркылуу Кытайга жеткирилип турат. Ошондой эле Кыргызстандын продукцияларын да ушул канал аркылуу Кытайга гана эмес, башка Азия өлкөлөрүнө чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”,-деди ал.

Эмне себептен Сиань шаары тандалып алынды?
Директор ошондой эле эмне себептен аталган шаар тандалып алынганын айтып берди.
“Сиань — Кытайдын так борбордук бөлүгүндө жайгашкан, стратегиялык жактан абдан маанилүү шаар. Ал унаа, темир жол жана авиациялык жүк ташуулардын ири борборлорунун бири болуп саналат. Мындан тышкары, өнөр жайы жакшы өнүккөн шаар. Айрыкча учак куруу жана авиация тармагы күчтүү. Ошондуктан бул шаар товарларды чогултуу, сактоо жана андан ары башка багыттарга бөлүштүрүү үчүн абдан ыңгайлуу логистикалык борбор болуп эсептелет. Башкача айтканда, бул чындап эле чоң транспорттук жана соода борбору. Тарыхын эстесек, Улуу Жибек жолу да ушул аймак аркылуу өткөн”,-деп белгиледи директор.
Кыргызстан Кытайдагы логистикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө
Саясат таануучу Бакыт Бакетаев өлкө тарыхында биринчи жолу Кытайдан жер сатылып алынып жатканын белгилейт.
“Ал жерде биздин өлкөнүн желеги желбиреп турат. Сиань шаары Кытайдын борборунда жайгашкандыктан, товарларды ташуу абдан жеңил жана ыңгайлуу болот. Курула турган борборго товарлардын баарын топтоп ирети менен жибергенге мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кытай, Сингапур сыяктуу өлкөлөр мындай тажрыйбаны колдонуу менен жерлерин берип, биргелешкен ишканаларды түзүп өнүгүп жатышат. Мындай жерлерге инвестиция дагы көбүрөк тартылат. Себеби, ижарага алганда инвесторлордун кызыгуусу азырак болот. Андыктан, Кыргызстан жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болууда. Экономикалык жактан пайдасы көп болот. Товар ташуу тармагына жакшы система түзүлүп жатат. Мындай борборду 2024-жылы Казакстан курган. Алар товар ташып жатышат. Болжол менен 4,5 гектардай жерди сатып алышкан.
Кытайдан Кыргызстанга келе турган товарлардын баары буга чейин ар кайсы жерге чогулуп, ар кандай жолдор менен келсе, эми алдыда курула турган логистикалык-транспорттук борбору аркылуу келип турат. Андан сырткары, товарлар Кыргызстанга келип, андан ары башка өлкөлөргө жөнөтүлүп турат”,-деди Бакетаев.

Бакетаев белгилегендей, Кыргызстан буга чейин да чет өлкөлөрдө логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырып келет. Алсак, өлкө Абу-Дабидеги Khalifa Port портуна жакын жайгашкан KEZAD экономикалык аймагында 300 миң чарчы метрден ашык жерди логистикалык борбор жана бажы зонасы катары пайдалануу боюнча келишим түзгөн. Бирок, салыштырмалуу жерди ижарага алып пайдаланууда.
Кыргызстан өзүнүн глобалдык логистикасын түзө алат
Экономист Искендер Шаршеевдин маалыматына ылайык, мындай мүмкүнчүлүк буга чейин да болгон.
“Мындан 10 жылдай убакыт мурун Кытай өлкөсү Кыргызстанды глобалдык логистикага кошуп, Ляньюньган шаарынан порт берели деп сунуштаган. Ошол кездеги өлкө бийлиги буга анчейин олуттуу карабай койгондуктан, бул сунуштун мөөнөтү бүтүп калган. Ошентип, биздин өлкө бул мүмкүнчүлүктү пайдаланбай калган. Бул абдан өкүндүрөт. Себеби, ишкерлер канча деген миллиондогон каражаттардан куру калды.

Азыр дагы мындай сунуш менен мүмкүнчүлүк берилип жатат. Ал тургай жер сатып алууга шарт түзүлүүдө. Ал жерден Кыргызстандын желеги менен кемелер каттай алат. Атап айтканда кыргызстандык ишкерлер кемелерди сатып ала алышат.
Мындай жол менен өлкө өзүнүн глобалдык логистикасын түзүп алса болот. Бул товарлардын, алынып келинүүчү сырьенун баасын арзандатат. Импорттоочу, экспорттоочу жана өндүрүшчүлөргө абдан чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат.
Жердин биротоло берилиши менен өлкө өзүнүн портун түзүп, деңиз мамлекетине айлана алат. Эгер логистикалык түйүн жакшы уюштурулса, дүйнө жүзүнө товар алып барып, кайра алып келе алабыз”, -деди экономист.