Ысык-Көл, 04.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында жорго жарыш боюнча мелдештер өттү.
Мелдешке 20дан ашык ат катышты. Жарыштын жыйынтыгы боюнча биринчи орунду Кыргызстан ээледи.
Мелдеш VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорт программасынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өттү.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Аренада" өттү. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.