Кыргызстан жол кырсыгынан каза болгондордун санын 50% кыскартууну көздөйт

Коом Жүктөлүүдө... 21 Июль 2026 11:10
15851087-fdc6-4c68-972f-f5174877b952.jpg
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында өтүп жаткан жогорку деңгээлдеги жыйында өлкөнүн жол коопсуздугу боюнча демилгелерин тааныштырды.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда министр Кыргызстан Улуттук өнүгүү стратегиясынын алкагында 2027-жылга чейин жол кырсыктарынан каза болгондордун санын 50 пайызга азайтууну негизги максат кылып жатканын айтты.

"2025-жылдын жыйынтыгы боюнча республикада 8 миң 456 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 900 адам каза болуп, 12 миңден ашык жаран жаракат алган. Бир дагы саламаттык сактоо системасы жолдогу травматизм көйгөйүн өз алдынча чече албайт. Тармактар аралык кызматташтыкты бекемдөө аркылуу гана адам өмүрүн сактап калуу боюнча жалпы максатыбызга жете алабыз", - деди Дамир Осмонов.