Кыргызстан жүндү кайра иштетүү өндүрүшүн кеңейтүүдө

Экономика Жүктөлүүдө... 24 Июль 2026 15:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Бишкектеги "Wool KG" жүн иштетүүчү ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, ишкана Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарынан жылына 400 тоннага жакын жүн кабыл алып, аны жууп, кайра иштетип, тарак жүн өндүрөт. Учурда ишканада 71 адам эмгектенсе, өндүрүштү кеңейтүү менен дагы 50дөн ашык жумуш ордун түзүү пландалууда.

Эрлист Акунбеков чийки затты өлкө ичинде кайра иштетип, даяр продукция чыгаруу жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыты экенин белгиледи.

Анын айтымында, мындай өндүрүштөр фермерлер үчүн туруктуу рынок түзүп, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын ачууга өбөлгө түзөт.