Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда балык чарбасын өнүктүрүү жана балык продукциясынын экспорттук потенциалын кеңейтүү боюнча иштер улантылууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-июль айларында өлкөдөн 746,7 тонна балык экспорттолду. Бул 2025-жылы экспорттолгон 857,6 тонна балык продукциясынын 87 пайызын түзөт.
Кыргызстандын балык продукциясы негизинен Россия жана Казакстанга жөнөтүлөт. Учурда экспорт менен 9 ишкана алектенет.
Министрлик балык өндүрүшүн көбөйтүү, ички рынокту камсыздоо жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча иштерди улантууда.