Кыргызстан жашылча өсүмдүктөрүнүн уругу менен өзүн камсыздай баштайт

Коом 16 июль 2025 14:00
1f58ef15-afcc-4056-b3a5-d241cbb66a54.jpg
тема.jpg
ea286c0c-dd7c-48be-aebe-cd42508cd71b.jpg
894764c7-297b-40b6-9edc-71347dc80b77.jpg
38663efb-d98c-4db9-a23b-d661924b9ea8.jpg
633ec9f4-eaf5-478e-8af2-95bca17a8be6.jpg
17f011f4-1460-4a14-8042-86e1ce2d9499.jpg
Алдыга
Артка
1f58ef15-afcc-4056-b3a5-d241cbb66a54.jpg
тема.jpg
ea286c0c-dd7c-48be-aebe-cd42508cd71b.jpg
894764c7-297b-40b6-9edc-71347dc80b77.jpg
38663efb-d98c-4db9-a23b-d661924b9ea8.jpg
633ec9f4-eaf5-478e-8af2-95bca17a8be6.jpg
17f011f4-1460-4a14-8042-86e1ce2d9499.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 16.07.25. /Кабар/. Кыргызстан жашылча өсүмдүктөрүнүн уруктары менен өзүн-өзү камсыздоого ишенимдүү бел байлады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал үчүн 9 "Акылдуу күнөсканалар" курулуп бүтүп, пияз, корей калемпири жана бадыраңдын уругун сыноо иштери активдүү жүргүзүлүүдө. 

Анын негизги максаты жашылча өсүмдүктөрүнүн уругуна болгон импорттук көз карандылыкты азайтуу, жергиликтүү өндүрүштү чыңдоо, сапатын жогорулатуу аркылуу жашылча үрөндөр менен камсыз кылуунун туруктуу системасын түзүү жана селекциялоо инфраструктурасын өнүктүрүү болуп саналат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев бүгүн бул борбордо жүргүзүлүп жаткан иштер менен жакындан таанышты.

Борбордун расмий ачылышы 2025-жылдын сентябрь айына пландалууда.

Белгилей кетсек, жашылча өсүмдүктөрүнүн уруктарын сыноо иштери Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча окуу-илимий борборунда жүрүп жатат. Анын жалпы наркы 3 млн 485 миң долларга барабар.