Кыргызстандыктарды ишке орноштуруу: Германияга үч багыт сунушталды

Коом Загрузка... 28 Ноябрь 2025 12:02
590060412_1302304031939267_7626025250685150501_n.jpg
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. 27-ноябрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Германиянын Социалдык иштер жана Экономика министрликтеринин мамлекеттик катчылары менен жолугушууларды өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө министр эки тараптуу кызматташуунун үч негизги багытын белгиледи.

Биринчи багыт — кыргызстандык жарандарды Германияда ишке орноштуруу

"2023-жылдан 2025-жылдын 1-октябрына чейинки мезгилде өлкөдөн 6 710 студент Германияда иштөөгө жөнөтүлгөн. Бул санды кыйла көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн көрүп турабыз. Бул Кыргызстанда үй-бүлөлөрдүн кирешесин жогорулатууга шарт түзөт", - деди Сагынбаев.

Ошондой эле министр адистерди алдын ала даярдоо борборун түзүү пландары тууралуу билдирди. Ага немис тилине окутуу, кесип тандоо, тышкы эмгек миграциясы боюнча жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу мамлекеттик борборунун ролу кирет.

"Бул виза жана уруксаттарды ылдамыраак иштеп чыгууга мүмкүндүк берет", — деди ал.

Экинчи багыт — миграция жана реадмиссия тармагындагы кызматташтык

"Биз реадмиссия боюнча өзүнчө келишим түзүүнү сунуштайбыз. Бул тараптардын компетенцияларын так бөлүүгө, макулдашуу процессин тездетүүгө жана өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт", - деди министр.

Үчүнчү багыт — калктын аярлуу катмарларын колдоо боюнча тажрыйба алмашуу

Мында министр Ottobock компаниясы менен кызматташуу тууралуу эске салды.

"Биз протездик-ортопедиялык жардамды өнүктүрүүгө олуттуу маани беребиз. 2026-жылы компоненттерди сатып алуу, адистерди окутуу жана методикалык колдоо көрсөтүү аркылуу өнөктөштүктү кеңейтүүнү пландаштырып жатабыз.

Бул багыттар практикалык кызматташууну кеңейтүүгө жана эки тараптуу өнөктөштүктү бекемдөөгө болгон жалпы кызыкчылыкты чагылдырат. Биз социалдык саясат, жумушка орноштуруу жана миграция маселелери боюнча жумушчу топ түзүүгө жана биргелешип иштөөгө ачыкпыз", — деп жыйынтыктады министр.