Ташкент, 03.12.25. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун Өзбекстандагы Элдик дипломатия борборунун демилгеси менен Анжиян жана Наманган облустарынын жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттеринен турган делегация Ошко иш сапары менен келди. Бул тууралуу Элдик дипломатия борборунун басма сөз кызматы маалымдады.
Иш-чара “Сырдарья – достук дарыясы” долбоорунун үчүнчү этабынын алкагында өттү. Эң оболу, Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде “Өзбекстан жана Кыргызстандын жаштары – жакшы коңшулук салтын улантуучулар” аттуу жолугушуу өтүп, анда борбордун директору Кабулжон Собиров кыргыз элине көрсөткөн меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.
«Кыргызстанга кирген алгачкы мүнөттөрдөн тарта эле өзүбүздү өз үйүбүздө жүргөндөй сездик. Бул сезим эки элдин табигый жакындыгынын, өз ара ишениминин жана жалпы баалуулуктарыбыздын жандуу чагылдырылышы болуп саналат. Бүгүн түзүлүп жаткан кызматташуулар жаштарыбызды бириктирип, аларды баарлашууга чакырат, жаңы идеялар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат», — деди ал.
Университетте “ШКУ борбору” ачылды. Ректор Абдилбает Мамасыдыков борбордун маанисине токтолуп, ШКУнун тынчтык, ишеним жана диалог майданы экенин белгиледи.
"ШКУ бөлмөсүнүн ачылышы - биздин университет үчүн сыймыктуу окуя. Биз үчүн эң башкысы - жаштар, анткени келечек дал алардын колунда. Бул иш-чара эки боордош элдин ортосундагы достуктун дагы бекемделишинин символу", - деди ректор.
ШКУнун Маданий интеграция борборунун директорунун орун басары Сталбек Бекболотов да жаштардын демилгелерин колдоп, борбордун ишине ийгилик каалады.
Иш-чаранын алкагында “Боордош досума” акциясы уюштурулуп, кыргыз жана өзбек студенттери эки өлкөнүн жазуучуларынын чыгармалары менен алмашты. Тараптар «Келечек биздин колубузда – эки өлкөнүн биримдигин улантабыз!» деген ураан менен достукту дагы бир жолу бекемдеп өтүштү. Жыйынтыгында ШКУнун Элдик дипломатия борбору менен университет ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду.
Программа Ош технологиялык университетинде улантылып, бул жерде «Бир агым – бир тагдыр» аттуу экологиялык талкуу өттү. Студенттер китеп алмашып, эки элдин достугуна арналган театрлаштырылган оюн жана концерттик номерлерди тартуулашты. Акбуура дарыясынын жээгинде “Таза дарыя – таза келечек” аттуу экологиялык акция уюштурулду.
Иш сапардын соңунда Ош технологиялык университети менен ШКУнун Элдик дипломатия борбору мындан аркы кызматташтык боюнча дагы бир меморандумга кол коюшту.