Кыргызстан жана Өзбекстан президенттеринин жолугушуусу: 12 документке кол коюлду

Президент 30 Июль 2026 16:20
759446205_1362066099454718_7852717260236070107_n.jpg
760545137_1566077371768944_9149648958611495483_n (1).jpg
760566667_27855344394096409_6425209599641013676_n.jpg
760160880_2097957631118772_7943545315185438879_n.jpg
758750960_1960465397985644_9049015211672164712_n.jpg
759400151_4355309834784330_4669326591733156699_n.jpg
760322500_1060754903562044_5362231491625699234_n.jpg
761497507_1359328495650332_310876454286653417_n.jpg
759803466_1791389778885966_3870588583727493795_n.jpg
758808898_1601544798253691_5777814211338303590_n.jpg
759281577_1071900535793469_2479611918384074414_n.jpg
759281150_1698632511234722_8266146546791482949_n.jpg
759208680_1358968149029229_5807559497817412816_n.jpg
759025013_2538245230025800_2250713430263746086_n.jpg
759281576_1046826528245616_4619399530345230762_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. Өзбекстан президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 30-июлда кыргыз-өзбек кызматташтыгын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда мындан ары кеңейтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу аземи болду.

Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюшту.

Мындан тышкары төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын тилкеси жөнүндө келишим;
  2. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Чечме (Чашма) булагын биргелешип пайдалануу жөнүндө макулдашуу;
  3. Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы 2004-жылдын 24-июлундагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол;
  4. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу;
  5. Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы 2006-жылдын 3-октябрындагы жарандардын өз ара барып-келүүсү жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол;
  6. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
  7. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объекттери боюнча 2024-жылдын 18-июлундагы макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол;
  8. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Маданият министрлигинин ортосундагы 2026-2027-жылдарга маданият жаатындагы кызматташуу боюнча иш-чаралар планы;
  9. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы 2026-2028-жылдарга агроөнөр жай комплексиндеги эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү боюнча практикалык иш-чаралар планы;
  10. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен Өзбекстан Республикасынын Туризм боюнча комитетинин ортосундагы туризм тармагындагы кызматташуу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планы;
  11. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин ортосундагы жогорку билим берүү чөйрөсүндө кредиттерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуу;
  12. Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы 2026-2028-жылдарга эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы.