Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Муса Кулаклыкая менен жолукту.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги, ошондой эле 2026-жылы эң жогорку жана жогорку деңгээлдерде өз ара сапарларды уюштуруу пландары талкууланды.
Элчи Казакбаев маектешине президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саясий жана экономикалык реформалар тууралуу кеңири маалымат берди.

Өз кезегинде Муса Кулаклыкая элчини Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, алардын уюштурулушунун жогорку демократиялык деңгээлин белгиледи.
Тараптар ошондой эле билим берүү, медицина, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү жаатындагы кызматташтыкты, ошондой эле өз ара саякаттоо жана Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын жашоо шарттары маселелерин кеңири талкуулашты.
Тараптар Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консулдук консультацияларды өткөрүү боюнча алдын ала макулдашууларга жетишишти.
Жолугушуунун жыйынтыгында, Бириккен Улуттар Уюму жана Түрк мамлекеттеринин уюму сыяктуу көп тараптуу аянтчаларда кызматташууну кеңейтүү жана бекемдөө боюнча биргелешкен иштерди улантуу макулдашылды.