Кыргызстан жана Тажикстандын энергетиканы санариптештирүү жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом Загрузка... 29 Июль 2025 18:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК

Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Кыргызстан жана Тажикстандын энергетиканы санариптештирүү жаатындагы кызматташтыгы талкууланды. Маселе бүгүн "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын жетекчиси Алтынбек Рысбеков менен Тажикстандын энергетикалык компаниялары — "Шабакахои интиқоли барқ" жана "Шабакахои тақсимоти барқ" ААКтын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда көтөрүлдү.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын маалыматына караганда, жолугушуу тажрыйба алмашуу жана энергетика тармагындагы санариптик трансформацияны илгерилетүү максатында уюштурулган.

Акыркы жылдары КУЭТ санариптештирүү багытында бир катар маанилүү долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырды. Алардын катарына “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу, “Мой свет” мобилдик тиркемесин иштеп чыгуу, квитанцияларды онлайн жөнөтүү жана электрондук төлөмдөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрү кирет.

Бул демилгелер керектөөчүлөргө ыңгайлуу жана заманбап кызмат көрсөтүүгө шарт түзүү максатын көздөйт.

“Санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашуу - бул сыймыктуу миссия гана эмес, өз ара өнүгүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Биз өз ийгиликтерибиз менен бөлүшүүгө да, кесиптештерибиздин пайдалуу тажрыйбасын кабыл алууга да даярбыз", - дейт КУЭТ ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков.

Тажикстандык адистер дагы энергетика тармагындагы санариптик чечимдер боюнча өз ыкмаларын жана жетишкендиктерин сунуштап, мындан аркы кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Иш сапардын алкагында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын коммерциялык маселелер боюнча башкы директорунун орун басары Уларбек Дүйшө уулу тажик делегацияга “Энергосбыт”, Call-борбор жана компаниянын башка негизги объектилерин көрсөттү. Ал ошондой эле керектөөчүлөр менен иштөөдө колдонулуп жаткан санариптик чечимдер жана ыкмалар менен жеринде тааныштырды.