Бишкек, 31.01.26 /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруп, кыргыз-индиялык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Алар соода-экономикалык, саламаттык сактоо, маданий жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендигин баса белгилешип, жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги, анын ичинде алдыдагы көп тараптуу иш-чаралардын алкагында үзгүлтүксүз саясий байланыштарды сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-индиялык стратегиялык өнөктөштүктү андан ары чыңдоо үчүн биргелешип иштөөгө болгон милдеттенмелерин тастыкташты.