Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Күн мурун Абу-Даби шаарында Кыргызстандын Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлигинин ортосунда айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.
ТИМден билдиришкендей, меморандумга эки өлкөнүн компетенттүү органдары тарабынан берилген айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жолу менен жарандардын жүрүүсүн жеңилдетүү максатында кол коюлду.
Меморандумдун практикалык ишке ашырылышы жана расмий күчүнө кириши тараптардын ортосунда дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылган датага жараша бир айдын ичинде жарыяланат.
Документке КР Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Улан Карыпбеков жана Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министринин орун басары – ички иштер министри шейх Сейф бин Заед Аль Нахайян кол коюшту.
Жолугушууга кыргыз тараптан Консулдук департаменттин директору С.Жумакадыр уулу, ошондой эле Кыргызстандын БАЭдеги элчиси А.Салиев жана элчиликтин өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-эмират мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде жарандардын эки мамлекеттин аймагында болуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты.