Ысык-Көл Албаниянын президенти Байрам Бегайдын расмий сапарын кабыл алууда. Өлкө башчынын Кыргызстандын бермети болгон көл жээгиндеги резиденциясы эки тараптуу кызматташтыктын пайдубалы түптөлө турган маанилүү сүйлөшүүлөрдүн аянтчасына айланды.
Мамилелерди өнүктүрүүгө потенциал бар, бирок буга географиялык алыстык тоскоолдук жаратып келет. Бирок, ата мекендик авиакомпаниялардын Европа биримдигинин "кара тизмесинен" чыгышы кырдаалды өзгөртүшү мүмкүн. Мунун аркасында Кыргызстан менен Албаниянын бизнеси бири-биринин мүмкүнчүлүктөрүн жакындан таанып, инвестициялык салымдардын келечегине баа берүүгө шарт түзүлөт.
Азыркы учурда эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 70 миң доллардын тегерегин гана түзөт. Бул абдан жупуну көрсөткүч жана ал азырынча экономикалык өз ара аракеттенүү майда ишкердик субъекттеринин ортосундагы чакан келишимдер менен гана чектелип жатканын айкын көрсөтүп турат. Мамлекеттер аралык деңгээлдеги кызматташтык бул байланыштарга бир топ олуттуу күч берет.

Эки тараптуу диалогду жандандырууга болгон умтулууну Кыргызстан менен Албаниянын тарыхындагы президенттердин эң алгачкы сүйлөшүүлөрү далилдеп турат. Садыр Жапаров Байрам Бегайды республиканын эң кооз жерлеринин биринде кабыл алууда. Ал жерден конокту "Рух-Ордо" маданий борборунда Ардак кароол жана оркестр менен тосуп алышты. Жогорку даражалуу конок Кыргызстанга болгон биринчи расмий сапарынын максаты – өлкө менен жакындан таанышуу жана бекем өнөктөштүк мамилелерди куруу экенин белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсү, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланды. Дипломатия тилинде бул – тараптар орток кызыкчылыктарды таап, мамлекеттер аралык байланыштарды түзүү үчүн база уюштуруп жатканын жана мамлекеттик маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча күн тартибин конкреттүү мазмун менен байытып жатканын түшүндүрөт.
Эми саясат таануучулар жана эксперттер келечектүү деп атаган кызматташтыктын негизги багыттарына токтололу. Албания Түштүк Европада абдан ыңгайлуу географиялык абалда жайгашкан. Адриатика жана Иони деңиздери менен курчалып, Греция, Черногория, Түндүк Македония жана Косово менен чектешет. Түркия жана Перс булуңу да жакын. Балкан мамлекетинде төрт порт бар, алардын үчөө ири паромдук түйүндөр. Дуррес маанилүү деңиз порту болуп саналат, ал олуттуу жүк ташууну тейлейт.

2009-жылы Албания Европа биримдигине мүчө болуу үчүн расмий түрдө арыз берген, ал эми азыр ЕБге кирүү боюнча сүйлөшүүлөр акыркы этабында турат жана бул маселе жакынкы эки жылдын ичинде биротоло чечилиши күтүлүүдө. Албаниянын борбору Тирана шаары менен тыгыз байланыш түзүү аркылуу Бишкек Түштүк Европадагы деңиз соода жолдорунун маанилүү тоомунда ишенимдүү өнөктөшкө ээ болмокчу.
Албаниянын Кыргызстанга болгон кызыгуусун да түшүнсө болот. Балкан өлкөсү Кытай менен мамилесин жигердүү курууда жана бул багыттагы соода жүгүртүү азыртадан эле миллиард доллардан ашат. Ал эми биздин өлкө аркылуу трансконтиненталдык темир жол магистралы салынганда, Кытайдан Европага чейинки жол 1 000 чакырымга кыскарат. Ыңгайлуу логистика сооданы арттыруу үчүн кеңири мүмкүнчулүк берип, Кыргызстан мындан четте калбайт. Биринчиден, транзиттик жана потенциалдуу экспорттоочу өлкө катары, экинчиден, логистика чөйрөсүндөгү кызматташтык бизге Европадагы порттук инфраструктураны пайдалуу шарттарда колдонуу мүмкүнчүлүгүн ачышы мүмкүн.
Саясат таануучу, Саясий-укуктук изилдөөлөр борборунун директору Тамерлан Ибраимов жаңы саясий байланыштар Кыргызстандын эл аралык чөйрөдөгү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтерине өзгөчө көңүл бурат.

"Жогорку деңгээлдеги байланыштар – Кыргызстан менен Албаниянын мамилелери үчүн жаңы барак. Балкан мамлекети салыштырмалуу чакан, бирок бул европалык өлкө, бул өзүнчө эле чоң потенциалга ээ дегенди билдирет. Бул жагынан алганда, кандай гана кызматташтык болбосун, товар сатуунун эбегейсиз рыногуна, технологияларга, билимге жана тажрыйбага чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Мындай шарттуу кызматташтык коридорлору канчалык көп болсо, биз үчүн ошончолук жакшы. Эгерде экономикалык кызматташтыктын конкреттүү багыттары жөнүндө айта турган болсок, бул туризм жана айыл чарба тармагындагы долбоорлорду биргелешип өнүктүрүү болушу мүмкүн. Ошондой эле туризм чөйрөсүндөгү билим берүү долбоорлору маанилүү, анткени Албания бул жаатта белгилүү бир тажрыйбага ээ. Авиаташууларды өнүктүрүү да толук мүмкүн көрүнөт. Кыргызстан өзүнүн авиация тармагын олуттуу өнүктүрүүнү жана Балкан өлкөлөрү аркылуу кызматташтык орнотууну көздөп жатат, бул келечектүү багыттардын бири", – деп белгиледи Ибраимов.
Кыргыз-Россия Славян университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин профессору Мурат Бейшенов Кыргызстандын дипломатиялык жигердүүлүгү дүйнө жүзүндөгү өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү горизонтторун кеңейтерин жана бул келечектүү кызматташтык багыттарын калыптандырарын белгилейт.

"Азыр дүйнө абдан динамикалуу болуп калды, ошондуктан биздин кызыкчылыктарыбыздын алкагы жалаң гана эң жакын коңшулар менен иштешүү менен чектелбеши керектиги түшүнүктүү. Биз транспорттук туюктан чыгып, жаңы пайдалуу экономикалык байланыштарды түзүүгө мүмкүндүк берүүчү аймактык логистиканы куруп жатабыз. Ошондуктан биз Африка жана Европа мамлекеттери менен да өз ара аракеттенип, Атлантика багытында жигердүү иштеп жатабыз. Албаниянын географиялык абалы абдан ыңгайлуу, ал эми өз ара кызыкчылыктар бар чөйрөлөр пайда болгондо, алар саясий деңгээлде иштелип чыгат – бул акыл-эстүү дипломатия. Учурда Албания байланыштарга ачык экенин көрсөтүүдө. Алар бизди БУУда добуш берүү учурунда, тагыраагы Кыргызстан Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланып жатканда колдошкон. Мындай колдоо жакшы мамилелердин жана конструктивдүү диалогдун негизин түзөт. Туризм жана айыл чарба тармагындагы кызматташтык дароо эле көрүнүп турган багыттар, бирок өзгөрүп жаткан дүйнөдө, глобалдык эл аралык архитектура трансформацияга учурап жаткан кезде планетанын ар кайсы бурчтарында саясий байланыштарга ээ болуу маанилүү. Акыркы жылдары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул багытта абдан жемиштүү иштеп жатканына сыймыктанам", – деди Бейшенов.
Албания – агрардык-индустриалдык өлкө, анын туризм инфраструктурасы абдан өнүккөн жана ал ички дүң продукциянын (ИДП) дээрлик 25%ын камсыз кылат. Акчалай алганда бул сектор жыл сайын 5,5-7,3 млрд доллар киреше алып келет. Калкы 5 миллионго жетпеген мамлекет үчүн бул улуттук экономикага кошулган абдан чоң салым болуп саналат.

Туризмдин бул тармагында тажрыйба алмашуу Кыргызстан үчүн абдан пайдалуу болушу мүмкүн. Андан тышкары, албаниялык ишкерлер өлкөбүздүн өзгөчө жаратылыш кооздуктарын өз көздөрү менен көргөндөн кийин, Кыргызстандын туризм индустриясын өнүктүрүү боюнча долбоорлорго кызыгуусу артышы мүмкүн.
Албания тамак-аш өнүмдөрүн сырттан импорттоочу өлкө болуп саналат жана фасоль (төө бурчак) менен бал сатып алууга кызыкдар. Эгерде биздин бизнес ата мекендик экологиялык таза товарларга атаандаштыкка жөндөмдүү бааларды сунуштаса, анда контракттарга кол коюу көпкө созулбайт. Ошону менен бирге, эки өлкөнүн өкмөттөрү менен ишкерлери бири-биринин потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн жана муктаждыктарын дагы тереңирээк изилдеп чыкканда, жеткирилүүчү товарлардын түрлөрү кыйла кеңейтилиши мүмкүн.