Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. Күн мурун президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте АКШнын алдыңкы компанияларынын жана уюмдарынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуулар өттү.
Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууларга Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, банк секторунун жана жеке түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.
АКШ делегациясынын курамына АКШ–Кыргызстан Ишкердик кеңешинин, АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча каржы корпорациясынын (DFC), Невада университетинин (Рино), Эл аралык билим берүү боюнча америкалык кеңештердин, ошондой эле GE Healthcare, Pfizer, Abbott, Nasdaq, StoneX, Cove Kaz Capital Group, Mooney Group, Equion Group, All American Rail Group, Pangea-Global LLC, TETHYS: Trans-Eurasian Gateway компанияларынын өкүлдөрү кирди.
Тараптар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле биргелешкен инвестициялык, инфраструктуралык, технологиялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. Америкалык компаниялар инвестициялык демилгелерин сунуштап, Кыргызстандын рыногунда өз катышуусун кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.
Кыргызстандын өкүлдөрү мамлекеттик инвестициялык саясаттын артыкчылыктары, жеткиликтүү инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана чет өлкөлүк инвесторлорду колдоонун иштеп жаткан механизмдери тууралуу маалымат беришти.
АКШ делегациясы Кыргызстанды Борбор Азияда долбоорлорду ишке ашыруу үчүн регионалдык платформа катары кароого даяр экенин билдирип, узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.
Жолугушуулардын жыйынтыгында Инвестициялар боюнча улуттук агенттик төмөнкү компаниялар менен кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол койду:
- Equion Group;
- Pangea-Global LLC;
- Mooney Group;
- StrategEast;
- Nasdaq;
- Valmont;
- Concrete Engine;
Кол коюлган документтер тараптардын өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзүү ниеттерин бекемдейт.