Кыргызстан Өзбекстандын калемпиринин ири сатып алуучуларына айланды

Борбор Азия Загрузка... 02 Октябрь 2025 12:00
a_02.jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 02.10.25. /Кабар/. Кыргызстан 2025-жылдын январь–август айларында Өзбекстандан дээрлик 2 миң тонна калемпир сатып алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, сегиз ай ичинде Өзбекстан жалпы 8,8 миң тонна калемпирди экспорттоп, анын жалпы наркы 6,9 млн АКШ долларын түзгөн.

Калемпирдин негизги алуучуларынын катарында Борбор Азия жана Европа өлкөлөрү бар. Экспорттун эң чоң көлөмү — 4,7 миң тонна Казакстанга жөнөтүлсө, Кыргызстан 1,9 миң тонна, Испания 1,1 миң тонна калемпир алган.

Жалпысынан, январь–август айларында Өзбекстан 16 мамлекетке калемпир экспорттоду.