Кыргызстан өзбекстандык туристтер үчүн башкы багытка айланды

Коом Загрузка... 17 Июль 2025 17:30
WhatsApp Image 2025-07-17 at 17.27.29.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 17.07.25. /Кабар/. 2025-жылдын январь-май айларынын аралыгында Кыргызстан Өзбекстандык туристтер эң көп барган өлкө болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистика комитети кабарлады.

Расмий маалыматтарга ылайык, быйылкы жылдын алгачкы беш айында 1 млн 189 миң 793 өзбекстандык жаран Кыргызстанга туристтик сапар менен келген. Бул көрсөткүч башка бардык мамлекеттерге салыштырмалуу эң жогорку орунду ээлейт.

Мындан тышкары, өзбекстандык жарандар көбүнчө Тажикстанга (501 миң), Казакстанга (468 миң), Сауд Арабиясына (145 миң) жана Россияга (124 миң) да сапар алышкан.

Жалпысынан быйылкы беш ай ичинде 2,7 миллионго жакын өзбекстандык чет өлкөлөргө саякаттоого чыккан. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 574 миңге көп болуп, өсүш 26,4 пайызды түзгөн.

Адистердин пикиринде, өзбекстандыктардын жакынкы кошуна өлкөлөрдү, өзгөчө Кыргызстанды тандашы — географиялык жакындык, маданий байланышка жана визасыз жүрүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу.