Ташкент, 01.07.25. /Кабар/. 2025-2026-окуу жылы үчүн Өзбекстандын аймагында жашаган этникалык кыргыздарга Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн 30 бюджеттик орун бөлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Ташкенттеги элчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, квоталар төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлдү:
- Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети — филологиялык билим берүү (кыргыз, англис, орус тилдери) багыты боюнча – 4 орун;
- Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети — филологиялык билим берүү (кыргыз, орус, чет тилдери), химия, биология жана география багыттары – 4 орун;
- Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы — дарылоо иши жана педиатрия багыттары – 2 орун;
- Ош мамлекеттик университети — педагогика, табигый-илимий, филологиялык багыттар жана дарылоо иши – 8 орун;
- Ош технологиялык университети — курулуш, электр энергетикасы жана электр техникасы багыттары – 4 орун;
- Ош гуманитардык-педагогикалык институту — табигый-илимий билим берүү багыты – 2 орун;
- Кыргыз-Өзбек университети — информатика жана эсептөө техникасы, филологиялык жана социалдык-экономикалык билим берүү багыттары – 6 орун.
Белгилей кетсек, 2003-жылы КР президенти жана өкмөтү чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерди билим берүү жана улуттук маданият жаатында колдоо максатында тиешелүү жарлык менен токтом кабыл алган.