Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан туризм жаатындагы өнөктөштүктүн жаңы этабын баштады

Экономика Жүктөлүүдө... 03 Апрель 2025 18:00
174367924667ee6f0e7da4e.max-1920x1080.format-webp.webp
174367924767ee6f0f048ed.max-1920x1080.format-webp.webp
174367924767ee6f0f7f3aa.max-1920x1080.format-webp.webp
174367924767ee6f0ff2302.max-1920x1080.format-webp.webp
174367924867ee6f10f00d1.max-1920x1080.format-webp.webp
174367924967ee6f11e0d83.max-1920x1080.format-webp.webp
174367924967ee6f117230b.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. 1-апрелде Тажикстандын Худжанд шаарында «Навруз —аймактын байыркы маданий-туристтик мурасы» регионалдык туристтик форум-диалог өттү.

Экономика жана коммерция министрлигиненбилдиришкендей, форумга Туризм департаментинин директору Эрдент Касымов катышты.

Форумдун жыйынтыгы менен үч өлкөнүн туроператорлорунун ортосунда 30 меморандумга кол коюлду, алардын ичинен 14 кыргызстандык компаниялар менен. Жалпысынан министрликтин чакыруусу менен 16 туристтик компания иш-чарага барды. Катышуучулар биргелешкен туристтик маршруттарды өнүктүрүүнүн келечегин жана туризм тармагындагы өнөктөштүктү күчөтүүнү талкуулашты.

Ошондой эле кыргыз тарап улуттук көргөзмө уюштуруп, салттуу кол өнөрчүлүктү жана этникалык кийимдерди көрсөтүштү.

Форум аймактын биримдигинин жана жалпы маданий мурасынын символу болгон Нооруз майрамына арналды. Ал Борбор Азиядагы маданий-гуманитардык өз ара кызматташууну бекемдөө боюнча аракеттердин уландысы болуп, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекет башчыларынын үч тараптуу жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун бир бөлүгү болуп саналат.