Кыргызстан – Өзбекстан: өнөр жай кооперациясы, инвестициялар жана соода

Экономика Жүктөлүүдө... 28 Июль 2026 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 28.07.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында кыргыз-өзбек бизнес-форуму өтүүдө.

Иш-чара президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан өзбек тарап менен биргеликте уюштурулду.

"Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы инвестициялык кызматташтык бүгүн сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө. Кыргыз-өзбек бизнес-форуму эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрү үчүн түз байланыштарды түзүүгө, жаңы инвестициялык долбоорлорду баштоого жана өндүрүштүк кооперацияны кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн натыйжалуу аянтча болуп саналат. Биз өз ара пайдалуу демилгелерди колдоого жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен ишти мындан ары да улантууга даярбыз", — деп белгиледи агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.

Форум Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө, жаңы ишкердик байланыштарды түзүүгө жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө багытталган маанилүү аянтча болуп саналат.

Форумдун ишкердик программасы мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү институттарынын, каржы уюмдарынын, соода-өнөр жай палаталарынын, тармактык бирикмелердин жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту. Катышуучулар инвестиция тартуу, биргелешкен өндүрүштөрдү түзүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өркүндөтүү, ошондой эле агроөнөр жай комплекси жана фармацевтика тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулашууда.

Форумдун алкагында төмөнкү үч тематикалык панелдик сессия өтүүдө:

  • "Кыргызстан – Өзбекстан: өнөр жай кооперациясы, инвестициялар жана соода";
  • "Айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайындагы кооперацияны өнүктүрүү";
  • "Кыргызстан Борбор Азиядагы аймактык фармацевтикалык хаб катары: интеграция, кызматташтык, локалдаштыруу жана экспорт".

Ошондой эле B2B жана B2G форматтарындагы жолугушуулар уюштурулуп, алардын жүрүшүндө ишкерлер, инвесторлор жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү келечектүү долбоорлорду, өнөктөштүктү кеңейтүү жана инвестициялык кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашууда.

Форумдун жыйынтыгында инвестициялык меморандумдарга, коммерциялык келишимдерге жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган башка эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Кыргыз-Өзбек бизнес-форуму эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык өнөктөштүктү чыңдоого, жаңы ишкердик байланыштарды түзүүгө жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.