Кыргызстан – Өзбекстан – Азербайжан: мамиленин жаңы этабы башталды

Аналитика Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 17:55
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка

Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен Азербайжан жана Өзбекстандын президенттери келди. Ага утурлай Борбор Азия президенттери бейформал консультативдик жолугушууга чогулушту.

Маанилүү жолугушуу Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда өтүүдө.

Эл аралык коомчулук бул жолугушууну тышкы саясий позцияны тактоо менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн Европа рыногуна Азербайжан аркылуу чыгуу коридорун сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү катары баалашууда.

Мамлекеттик сапар менен келген Азербайжан жана Өзбекстан мамлекеттеринин президенттери Кыргызстандагы экономикалык, курулуш тармагындагы өсүшкө жылуу пикирлерин билдиришти.

Кыргызстан эки өлкө менен бир катар документтерге кол койду. Жолугушуунун эң жагымдуу учуру президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Азербайжандын президенти Илхам Алиевди I даражадагы “Манас” ордени менен сыйлаганы болду.

WhatsApp Image 2026-07-31 at 17.59.50.jpeg

Садыр Жапаровду Илхам Алиев Азербайжандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы болгон Гейдар Алиев ордени менен сыйлады.

Бул жолугушуу менен президенттер өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жаңы этабы башталганын билдиришти.

Кыргызстан Өзбекстан мамилеси

Эки өлкөнүн дипломатиялык мамилеси түзүлгөнүнө быйыл 33 жыл болот. Шавкат Мирзиёев өлкө башчысы катары шайлангандан кийин Кыргызстанга бешинчи сапары менен келди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусунда эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жаңы этабы башталганын билдиришти. Мирзиёев Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайланышы менен куттуктап, эл аралык дипломатиядагы чоң жетишкендик катары баалады.

Жолугушууда эки өлкө ортосунда 12 документке кол коюлду.

Алардын эң маанилүүсүнүн бири – чек ара өткөрмө пунктарынын санын 15тен 30га чейин көбөйтүү. Ошондой эл товар жүгүртүүнүн көлөмүн эки млрд долларга жеткирүү пландары айтылды. Экономисттер бул көлөм дагы өсө турган мумкүнчүлүк бар экенин айтышууда.

Ошондой эле жолугушууда эки өлкө ортосундагы Чечме булагын биргелешип пайдалануу жөнүндө макулдашуу болду. Андан башка тараптар ортосунда агроөнөржай, туризм, инвестиция, суу ресурстары боюнча бир катар маанилүү документтерге дагы кол коюлду.

Эки өлкө ортосунда Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча эки ири долбоор сүйлөшүүдөгү негизги маселелердин бири болмокчу.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги берген маалыматка ылайык, буга чейин эки өлкө ортосундагы 200гө чукул документ ишке ашырылып келген. Анын ичинде 1996-жылдын 24-декабрында Ташкентте түзүлгөн достук келишими жана 2023-жылдын 27-январында Бишкекте түзүлгөн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларация.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бул жолугушуу эң жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгиледи.

“Бул союздаш эки мамлекеттин ортосундагы эң жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп эсептелет. Кызматташтыктын алкагында бардык тармактарда, анын ичинде соода, инвестиция, маданият, жаштардын маселеси каралды. Мен ойлойм бүгүнкү визит эң жогорку деңгээлде өттү”, -деди министр.

Белгилей кетсек, эки өлкө өткөн жылы чек ара маселелерин толук кандуу чечишкен.

Кыргызстан-Азербайжан мамилеси

Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамиле мындан туура 33 жыл мурун башталган. Азербайжандын президенти Илхам Алиев бул ирет Кыргызстанга келиши алтынчы сапары болуп калды.

Азербайжан президенти Илхам Алиев дагы Кыргызстандагы өнүгүүлөргө, эл аралык деңгээлде ролунун жогорулап жатканын баса белгиледи.

Жолугушууда эки өлкө бир катар документтерге кол койду. Алардын ичинен эки өлкө ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндөгү келишим жана Азербайжандын мамлекеттер аралык кеңешинин чечими кол коюлган документтердин эң маанилүүлөрүнүн бири болуп калды.

Мындан башка эки өлкө ортосундагы автомобиль каттамдары, жол карталары, энергетика жаатындагы кызматташтык, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишин арттыруу, мунай жана мунай продуктуларын жеткирүү, киберкоопсуздук жана Чолпон-Ата шаары менен Азербайжандын Шуша шаарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюлганы маалымдалды.

Азербайжандын саясат таануучусу Элданиз Гусейинов Кыргызстан Азербайжандан мунай алуу боюнча сүйлөшүүлөргө келиши мумкүндүгүн айтты.

“Кыргызстандын экономкасына чийки зат керек болот. Буга жагдай Азербайжан да кызыкдар болушу мүмкүн. Андан башка, Кыргызстанда болуп жаткан реформалар, бизнести колдоо, кичи жана орто бизнестин өнүгүшү өлкө үчүн жакшы шарт түзүп берет. Өлкөдө толугу менен курулуш иштери жүрүп жатат. Кыргызстандын экономикалык өсүүсү регионалдык кызматташтыкка жакшы таасир этет. Ошондой эле транспорттук коридорду Кыргызстан аркылуу түзүү маселеси дагы каралышы мүмкүн”, - деди ал.

Жыйынтыктап айтканда, бул жолугушуу эки өлкөнүн кызматташтыгын дагы да кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзмөкчү. Алардын ичинен транспорт, энергетика жана туризм багытындагы кызматташтык кеңеймекчи.

Эл аралык саясат таануучу Элданиз Гусейиновдун айтымында, ушундай эле келишимдер, сүйлөшүүлөр Азербайжан менен Өзбекстан мамлекеттеринин ортосунда жетишилген.

Ошондой эле Азербайжан энергетика жаатындагы тажрыйбасы менен Борбор Азия өлкөлөрүнө бөлүшүүсү мүмкүн жана бул жаатта инвесторлорду дагы алып келе алат. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстан суу башындагы өлкөлөр болгондуктан, суу коопсуздугу боюнча дагы маселелер айтылмакчы.

Мээрим Айныкеева, "Кабар" агенттиги