Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Бүгүн Өзбекстандын Самарканд шаарында БУУнун (ЮНЕСКО) билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча 43-сессиясынын башкы конференциясынын алкагында өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгында Кыргызстан ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешинин 2025-2029-жылдарга мүчөсү болуп ийгиликтүү шайланды.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, анда Малайзия – 167 добуш, Кыргызстан – 163 добуш, Индия – 163 добуш, Кытай – 162 добуш, Таиланд – 161 добуш, Япония – 159 добуш алган.
Аткаруучу кеңеш – башкы конференциянын ишин даярдоого, анын чечимдерин ишке ашырууга, ошондой эле уюмдун стратегиялык жана программалык багыттарын аныктоого жооп берген ЮНЕСКОнун негизги жетекчи органы болуп саналат. Кеңеш 4 жылдык мөөнөткө шайланган 58 мүчө мамлекеттен турат.
Буга чейин Кыргызстан 2019-2023-жылдары аталган органда натыйжалуу иш алып барган.
Мындан тышкары, 2012-2016-жылдары Кыргызстан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча Өкмөт аралык комитетинин мүчөсү болгон, ал эми 2017-2021-жылдары өлкө ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар комитетинде жана Эл аралык коммуникацияны өнүктүрүү программасынын (IPDC) Өкмөттөр аралык кеңешинде өкүлдүк кылган.
Өлкөнүн туруктуу шайланышы анын ЮНЕСКОнун максаттары менен программаларын ишке ашырууга активдүү катышуусун, туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүүгө жана маданияттар аралык диалогду чыңдоого кошкон салымын, ошондой эле Уюмга мүчө мамлекеттердин жогорку ишенимин тастыктайт.
Аткаруучу кеңештин мүчөлүгү ЮНЕСКОнун стратегиялык багыттарын аныктоого активдүү катышууга, Кыргызстандын жана Борбордук Азия аймагынын приоритеттерин илгерилетүүгө, билим берүү, илим, маданият жана коммуникация жаатындагы эл аралык кызматташууну чыңдоого кеңири мүмкүнчүлүк берет.
Бул шайлоо Кыргызстандын көп тараптуу дипломатиянын принциптерине берилгендигин жана чакан мамлекеттердин эл аралык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон конструктивдүү салымын чагылдырат.
Мындан тышкары, өлкөнүн шайлоосу КР Тышкы иштер министрлигинин, Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлчүлүгүнүн жана Кыргызстандын ЮНЕСКО боюнча Улуттук комиссиясынын өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын илгерилетүүгө жана эл аралык аброюн бекемдөөгө багытталган активдүү аракеттеринин натыйжасында мүмкүн болду.