Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Кыргызстан Япониянын инвесторлору үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө даяр. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Япониянын тышкы иштер боюнча парламенттик вице-министри Эри Арфия менен жолугушууда билдирди.
Ведомствонун маалыматына караганда, министр Кыргызстандагы акыркы жылдардагы экономикалык жетишкендиктер жана инвестиция тартуу үчүн түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, япон тараптын сапат стандарттары, натыйжалуу менеджменти жана бизнес жүргүзүү тажрыйбасы Кыргызстан үчүн маанилүү.

"Биз япониялык досторубуз жана инвесторлор үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө даярбыз. Кыргызстанга салынган инвестицияларды Борбор Азиянын ири рыногунун контекстинде кароо зарыл", - деди Бакыт Сыдыков.
Жолугушууда ошондой эле Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлор, "Борбор Азия + Япония" диалогунун алкагындагы макулдашууларды ишке ашыруу, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Тараптар биргелешкен конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ишти улантууга жана өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты чыңдоого даяр экенин билдиришти.