Кыргызстан Кытайдагы жарманкеде экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды

Экономика 3 ноябрь 2025 09:42
1762140375690820d7f0bf0.png
1762140375690820d75d8bf.png
1762140376690820d889b9e.png
Алдыга
Артка
1762140375690820d7f0bf0.png
1762140375690820d75d8bf.png
1762140376690820d889b9e.png
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин Кытайдагы өкүлчүлүгү 25-29-октябрда Янлин шаарында өткөн XXXII Кытай Янлин жогорку технологиялуу айыл чарба жарманкесине катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, көргөзмөдө Кыргызстандын стенди уюштурулуп, анда бал, кургатылган жемиштер, жаңгактар, ар кандай таттуулар жана башка продукциялар сыяктуу ата мекендик айыл чарба азыктары көрсөтүлдү.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү ШКУга мүчө мамлекеттердин айыл чарба продукцияларын илгерилетүү, жеткирүү жана сатып алуу маселелерине арналган жыйынына да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүгү тааныштырылып, агрардык тармактагы кызматташтыкты кеңейтүү келечеги талкууланды.