Кыргызстан USDKG аттуу биринчи улуттук стайблкоинди ишке киргизди

Экономика 6 ноябрь 2025 15:44
Кыргызстан USDKG аттуу биринчи улуттук стайблкоинди ишке киргизди
copyright icon WWW

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Кыргызстанда USDKG аттуу алгачкы улуттук стайблкоин расмий каттоодон өттү.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча, санариптик активдин биринчи чыгарылышын мамлекеттик каттоо 2025-жылдын 27-октябрынан 31-октябрына чейин жүргүзүлгөн.

2024-жылдын декабрында катталган жана 2025-жылдын январында кайра катталган "Виртуалдык активдердин эмитенти" ААК стайблкоиндин эмитенти болуп саналат. Компания программалык камсыздоону иштеп чыгууга адистешкен.