Кыргызстан Улуттук өнүгүү программасын ишке ашырууну күчөтүүдө

Экономика 16 сентябрь 2025 11:25
1.webp
175749161768c131a1b9538.png
175749161868c131a2ef802.png
175749161668c131a058f10.png
175749161768c131a11232a.png
175749161868c131a2553e8.png
175749161968c131a3a53e5.png
Алдыга
Артка
1.webp
175749161768c131a1b9538.png
175749161868c131a2ef802.png
175749161668c131a058f10.png
175749161768c131a11232a.png
175749161868c131a2553e8.png
175749161968c131a3a53e5.png
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Кыргызстан 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашырууну күчөтүүдө. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков аталган программаны илгерилетүү жана 2025-жылдагы Улуттук эркин отчеттун жыйынтыктарын талкуулоо боюнча семинарда билдирди.

Ошондой эле ал улуттук өнүгүүнүн приоритеттерин белгилеп, өлкөнүн стратегиясын натыйжалуу аткаруунун зарылдыгын айтты.

Министр 2030-жылга чейин программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык мамлекеттик структуралар менен өнүгүү өнөктөштөрүнүн макулдашылган аракеттери керек экенин белгиледи.

Ал эми БУУ тутумунун туруктуу координатору Антье Граве Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүү процессинде туруктуулук жана инклюзивдүүлүк принциптерин кармануусу керек экенин белгиледи.

Семинарда Улуттук эркин отчеттун жыйынтыктары төрт негизги багыт: экономика, социалдык чөйрө, айлана-чөйрө жана ТӨМ көрсөткүчтөрүнүн мониторинги боюнча сунушталды.

Өнүгүү боюнча өнөктөштөр атаандаштык, эмгек рыногу, бизнес чөйрөсү жана адамдык өнүгүү боюнча баяндамаларды беришти.

Семинар мамлекет менен өнүгүү өнөктөштөрдүн кызматташтыгын күчөтүү жана жалпы улуттук максаттарга жетүү боюнча кийинки кадамдарды макулдашуу менен жыйынтыкталды.