Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Япониянын Осака шаарында отундун туруктуу түрлөрү боюнча Япония жана Бразилиянын төрагалыгы менен уюштурулган биринчи министрлик кеңешме өттү.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага 32 өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, анын ичинде Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев катышты.
Таалайбек Ибраев өз сөзүндө Кыргызстандын отундун туруктуу түрлөрүн өнүктүрүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын интеграциялоо боюнча глобалдык демилгелерге активдүү катышууга даярдыгын баса белгиледи.
Ал белгилегендей, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, көмүртектин изин азайтуу жана "жашыл" энергетика жаатында эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү өлкө үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналат.
Министр Кыргызстан биоотунду, суутекти жана синтетикалык отунду пайдаланууну кеңейтүү боюнча аракеттерди колдоого даяр экендигин, ошондой эле Борбор Азиядагы энергетикалык тутумдардын жыштыгын жана тең салмактуулугун жөнгө салуу боюнча практикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.
Таалайбек Ибраевдин айтымында, Кыргызстан отундун туруктуу түрлөрүн өнүктүрүүнү климаттык максаттарга жетүүгө гана эмес, аймактын экономикалык өсүшү жана технологиялык өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө көмөктөшүүчү стратегиялык кадам катары карайт.