Кыргызстан туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга умтулууда – БУУ

Коом Загрузка... 30 Октябрь 2025 12:20
3.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 30.10.25. /Кабар/. Кыргызстан 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында ачык-айкын көз карашы менен өнүгүү максаттарын ишке ашырууга умтулууда, деп билдирди БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү форумунун жүрүшүндө.

Анын айтымында, Кыргызстандын министрлер кабинети инклюзивдүү жана адамдын муктаждыгын биринчи орунга койгон ырааттуу мамилени ишке ашырып жатат, бул Туруктуу өнүгүү максаттарына толугу менен шайкеш келет.

"БУУ системасы климат жана социалдык чараларды интеграциялоо, ошондой эле ар кандай кызыкдар тараптардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча өкмөттүн демилгелерин колдойт. Программа Кыргызстандын соңку жетишкендиктерине — гендердик теңчиликти илгерилетүүгө, ТӨМ максаттарына жетишүүгө жана 2030-жылга чейин орто кирешелүү статуска жетүү амбицияларына негизделет", - деп баса белгиледи Граве.

Ал документ өлкөнүн 7 млн жараны үчүн реалдуу ийгиликтерди камсыздоого багытталган өнүгүүнүн өз ара байланышкан төмөндөгүдөй төрт негизги багыттарын аныктай турганын белгиледи:

  • жакырчылыкты жана теңсиздикти жоюу үчүн социалдык коргоо системаларын чыңдоо;
  • адамдык капиталга инвестициялоо – билим берүү, жаштарды колдоо жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү;
  • климаттын өзгөрүшүнө жана айлана-чөйрөнү коргоого туруктуулукту жогорулатуу;
  • жашыл экономикага өтүү туруктуу өнүгүүнүн негизи катары.

Ошондой эле программа демократиялык башкарууга, жарандардын инклюзивдүү катышуусуна жана экономиканы диверсификациялоо үчүн жандуу жеке секторду өнүктүрүүгө басым жасайт.

"Өнөктөштүк жана каржылоонун инновациялык механизмдери ресурстарды мобилизациялоо жана программаны натыйжалуу ишке ашыруу үчүн өтө маанилүү болуп эсептелет. БУУнун системасы Кыргызстандын аракеттерин мындан ары да колдоого, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн ортосундагы координацияны бекемдөөгө жана өлкөнүн бардык жарандары үчүн амбицияларды реалдуу пайдага айландырган саясатты илгерилетүүгө милдеттенет", — деп жыйынтыктады Антье Граве.