Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Кыргызстан туризмдин ИДПдагы үлүшүн 7 пайызга жеткирүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун эл аралык туризм форумунда экономика жана коммерция министринин орун басары Медер Туманов билдирди.
Ал туризм түрк тилдүү элдердин достугун жана өз ара түшүнүшүүсүн бекемдөөнүн маанилүү фактору экенин белгилеп, Кыргызстан 2025-2030-жылдарга арналган Туруктуу туризмди өнүктүрүү программасын ырааттуу ишке ашырып жатканын айтты.
"Бул программа туризмдин ИДПдагы үлүшүн 7 пайызга жеткирүүнү, өлкөнүн дүйнөлүк атаандаштык рейтингинин алдыңкы 50 өлкөсүнө кирүүсүн жана туристтердин агымын жыл сайын 10 пайызга көбөйтүүнү камтыйт. Биз туризмди жөн гана экономикалык тармак катары эмес, түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрү ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын көпүрөсү катары карайбыз. Программанын ишке ашырылышы Кыргызстанды дүйнөнүн ар тарабынан келген туристтер үчүн жагымдуу борборго айландырууга багытталган", – деди Туманов.