Кыргызстан туристтик жайларды активдүү реконструкциялап, ири инвестицияларды тартууда

Пикир Загрузка... 01 Май 2025 10:05
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 01.05.25. /Кабар/. Кыргызстан туристтик жайларды активдүү реконструкциялап, ири инвестицияларды тартууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Туризм департаментинин директору Эрдэнэт Касымов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 2030-жылга чейин туризмди өнүктүрүү программасы кабыл алынган. Бул программанын алкагында туризмди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталды.

«Биздин өлкөдө туризмдин эң популярдуу түрлөрүнө тоо туризми, экотуризм, спорттук туризм жана медициналык туризм кирет. Ар бир багытты өзүнчө айтсак, акыркы жылдары Кыргызстанда альпинизмге, тоо туризмине, трекингге кызыккан башка өлкөлөрдөн келген туристтердин агымы көбөйдү.

Мындан тышкары, өлкөбүздө спорттук, медициналык жана санаториялык туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалууда. Эс алуу жайлары курулуп, оңдолуп, өлкөбүзгө көптөгөн спортчулар машыгууга жана жөн эле эс алууга келишет. Белгилүү болгондой, биздин климатыбыз жана жаратылышыбыз спортчулардын эс алуусу үчүн абдан ыңгайлуу жана бул категорияга кирген туристтердин статистикасы да көбөйүп жатат.

Департтаменттин башчысы ошондой эле, Кыргызстанда туризмдин бир гана түрү бар, жайкы туризм, тактап айтканда Ысык-Көл деген пикирлер бар экенин белгиледи.

Бирок республикада жайкы туризм гана эмес, кышкы туризм да өнүгүп жатат. Республика боюнча туристтер үчүн «Байтик Маунтин Резорт», «Үч чоку», «Чаткал Резорт» сыяктуу долбоорлор ишке ашырылууда. Бул долбоорлор келечекте жыл бою иштей турган келечектүү жана абдан популярдуу курортторго айланат.

"Кыргызстандын жаратылышы уникалдуу, адам буту баспаган жерлер бар. Ал эми бул жерлер туристтерди абдан кызыктырат. Чет өлкөдөн туристтерди тартуу менен бирге ички туризмди да өнүктүрөбүз. Туризмге абдан жакшы шарттарды түзүп жатабыз", - дейт Э.Касымов.

Касымов Кыргызстанда туризмдин жогоруда аталган түрлөрү менен катар маданий туризмди өнүктүрүүгө, материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарды сактоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди. «Биздин улуттук кийимдерибиз – ак калпак, шырдак, боз үй, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – мунун баары маданий туризмдин маанилүү аспектиси», - деп ишендирди ал.