Кыргызстан Түштүк Кореядан инвестиция тартууну көздөйт

Экономика Жүктөлүүдө... 16 Июль 2026 17:00
746909109_1331131385875443_1587980719769107103_n.jpg
747168616_1331131409208774_9048569545784691559_n.jpg
748631492_1331131392542109_6435432849750298283_n.jpg
749652094_1331131439208771_2778291429800816160_n.jpg
Алдыга
Артка
746909109_1331131385875443_1587980719769107103_n.jpg
747168616_1331131409208774_9048569545784691559_n.jpg
748631492_1331131392542109_6435432849750298283_n.jpg
749652094_1331131439208771_2778291429800816160_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ким Квангдже менен жолугушту.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууда тараптар өлкөгө түштүк кореялык капиталды тартуу, инвесторлордун укуктарын коргоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Равшанбек Сабиров корей тарапка инвестициялык климатты жакшыртуу багытында жасалып жаткан иштер, өзгөчө инвесторлорду коштоп жүрүүчү "бирдиктүү терезе" принциби тууралуу кеңири маалымат берди.

"Кыргызстан түштүк кореялык инвесторлор үчүн ачык. Биз заманбап технологияларды тартууга, жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө жана эки өлкө ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүктү чыңдоого өбөлгө түзгөн долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз", - деди Сабиров.

Өз кезегинде элчи Ким Квангдже Түштүк Корея тарап Кыргызстан менен экономикалык өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн бизнес-коомчулугу ортосунда жаңы кызматташтык көпүрөлөрүн курууга даяр экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен демилгелерди конкреттүү ишке ашыруу боюнча конструктивдүү диалогду улантууну макулдашышты.