Кыргызстан Түштүк Корея рыногуна термикалык иштетилген этти экспорттойт

Экономика Загрузка... 23 Сентябрь 2025 16:35
kak-vakuumnaya-upak.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Бишкекте «Кыргыз Агрохолдинг» ААК катышкан кыргыз-корейдик «ДОД Компани КК» ЖЧКсы «ТОРО» ЖЧКсы менен кызматташтык келишимине кол койду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, келишимге ылайык, термикалык иштетилген этти өндүрүү, сатып алуу жана Кореяга экспорттоо боюнча биргелешкен ишмердүүлүк каралган.

Белгилей кетсек, «ТОРО» ЖЧКсы – сапаттуу эт продукциясын жеткирүүнү жана эл аралык стандарттардын (HACCP, ISO22000 ж.б.) сакталышын камсыздайт. Ал эми «ДОД Компани КК» ЖЧКсы – экспорттук операцияларды, документтерди даярдоону жана корей импорттоочулары менен өз ара аракеттенүүнү жүргүзөт.

Өз кезегинде «Кыргыз Агрохолдинг» ААК – өз компетенциясынын алкагында колдоо көрсөтөт: ветеринардык жана уруксат берүүчү документтерди алууга, ошондой эле мамлекеттик органдар менен өз ара кызматташууга көмөктөшөт.