Бишкек, 20.11.25 /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Латын Америкасы жана Кариб деңизинин өлкөлөрүнүн элчилери үчүн кабыл алуу өткөрдү.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, кабыл алууга 15 өлкөнүн элчиликтеринин өкүлдөрү катышты. Иш-чара Кыргызстандын глобалдык демилгелерин, анын ичинде БУУнун алкагындагы маселелерди жайылтуу жана ар кайсы аймактардагы өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүү максатында уюштурулду.
Элчи Руслан Казакбаев Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктарын, БУУнун принциптерине берилгендигин жана туруктуу өнүгүү, тынчтык жана коопсуздукту чыңдоодогу активдүү ролун белгиледи.
Ошондой эле аларга президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөдө жүрүп жаткан экономикалык өсүш, өнөр жайдын активдүү өнүгүшү жана инвестициялык климаттын жакшырышы тууралуу маалымат берилди.
Казакбаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб деңизинин өлкөлөрү менен саясий диалогду тереңдетүүгө жана соода, инвестиция сыяктуу тармактарда практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.
Бул иш-чара эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу үчүн натыйжалуу аянтча болду.