Бишкек, 26.09.25./ Кабар/. Акыркы жылдары Кыргызстан бир гана аймактык эмес, эл аралык деңгээлде да климаттын өзгөрүүсүнө, өзгөчө тоолуу аймактардын өнүгүүсүнө кошкон салымы, жаңы идеялары менен дүйнөгө таанылууда. Бул тууралуу министрлер кабинетине караштуу климаттык каржылоо борборунун координатору Дастан Абдылдаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2023-2027-жылдарга БУУнун жалпы глобалдык деңгээлдеги тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча конвенциясы кабыл алынып, анын алкагында көптөгөн иштер жүрүүдө.
“Ушул жылдын апрель айында 50дөн ашуун өлкөнүн 400дөй өкүлдөрү катышкан 2027-жылга белгиленген "Бишкек+25” экинчи тоо саммитин өткөрүүгө даярдык иретинде чоң иш-чара болуп өттү. Бардык глобалдык денгээлдеги иш-чаралардын барында тоолуу өлкөлөрдү, тоолуу өлкөлөрдүн экосистемасын өнүктүрүү боюнча Кыргызстан алдыга койгон максаттарын дайыма көтөрүп, өнүктүрүү боюнча да сунуштарды айтып келет. Айтылып келген трибуналардын бири бул албетте, БУУнун учурда өтүп жаткан 80-юбилейлик иш-чарасы”,- деди Абдылдаев.
Эскерте кетсек, 2027-жылы "Кыргызстан” Бишкек+25” экинчи тоо саммитин” өткөрүүгө даярданууда. Президент Садыр Жапаров 23-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөп жатып жалпы коомчулукту бул иш-чарага активдүү катышууга чакырды.