Кыргызстан терроризмге каршы күрөшүн улантууда

Коом Загрузка... 28 Сентябрь 2025 17:27
ad245b3e-5a4f-46d3-9245-9e043424b2c4_NdTNleq.jpeg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 28.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын улук прокурору Рустам Рыскулов жетектеген делегация 23–25-сентябрда Ташкент шаарында өткөн «Терроризм менен чет элдик согушкерлерге каршы күрөштө кызматташтыкты бекемдөө» темасындагы аймактар аралык семинарга катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, делегация курамына Ички иштер министрлигинин терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Эрик Жаныбеков, ошондой эле эксперттер Замирбек Долдаев менен Русланбек Тиленов кирди.

Семинардын негизги максаты — эл аралык диалогду бекемдөө жана терроризмге каршы күрөштө биргелешкен чараларды иштеп чыгуу. Иш-чарага Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн адистери да катышты.

Семинар Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аймактык өкүлчүлүгү жана Өзбекстан президентинин алдындагы Стратегиялык жана аймактар аралык изилдөөлөр институту тарабынан уюштурулду.