Кыргызстан социалдык маанидеги 6 азык-түлүк менен өзүн толук камыздайт

Экономика Загрузка... 18 Ноябрь 2025 15:35
4b9901a6-d5f2-425d-a009-f26ce6bc7f91.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан социалдык мааниге ээ 9 азык-түлүктүн 6 түрү менен өзүн толук камсыздайт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, алар:

  • картошка;
  • сүт;
  • эт;
  • жашылча-жемиштер;
  • жумуртка;
  • кумшекер.

Калган 3 продукт импорттун эсебинен жарым-жартылай камсыздалат:

  • нан азыктары (дан);
  • өсүмдүк майы;
  • мөмө-жемиш.

2024-жылдан баштап Кыргызстан кумшекер менен толук камсыз болууда. Эт боюнча өлкө уй жана кой эти менен 100 пайыздан ашык камсыздалат. Тоок этин өздөштүрүү боюнча иштер активдүү уланууда.

Ички өндүрүш көбөйгөндүктөн жумуртка импортуна тыюу салынган. 2025-жылдын август–январь айларында 3 млн 300 миң даана жумуртка экспорттолду.