Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин жыйынына катышты

Коом Загрузка... 02 Июль 2025 12:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 02.07.25./Кабар/. Бүгүн, 2-июлда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин 12- жыйынына катышып жатат.

Министрликтен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында транспорттук байланыштарды кеңейтүү, логистикалык коридорлорду өнүктүрүү, транспорттук тоскоолдуктарды азайтуу жана санарип технологияларды киргизүү сыяктуу бир катар маанилүү маселелер талкууланды.

Сыргабаев өз сөзүндө өлкө үчүн артыкчылыктуу болгон “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоору ишке ашып жатканын белгилеген.

“Бул долбоор – үч мамлекеттин лидерлеринин саясий эркинин жана биргелешкен аракеттеринин жемиши. Учурда курулуш иштери татаал тоолуу шарттарда, өзгөчө Фергана тоннелинде кызуу жүрүүдө”, — деди ал. Мындан тышкары, министр кызматташтыкты чыңдоо маселелерине да токтолду.

"Кеңешменин алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорт ведомстволорунун ортосунда жол тейлөө объектилерин өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду",-деп айтылат маалыматта.