Кыргызстан ШКУ өлкөлөрү менен “жашыл” энергетиканы өнүктүрүүдө

Коом Загрузка... 10 Июль 2026 16:50
IMG_4690.webp

Бишкек, 10.07.26 /Кабар/. Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөр менен “жашыл” энергетика, таза технологиялар жана суутек энергетикасы жаатындагы кызматташууну кеңейтүүдө. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын академиги Асылбек Айдаралиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ШКУ өлкөлөрүнүн “жашыл” энергетика боюнча III Академиктер форумунун жыйынтыктары тууралуу айтып жатып билдирди.

Анын айтымында, форум ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда илимий жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле туруктуу энергетикага өтүүнүн келечегин жана заманбап технологияларды жайылтуу маселелерин талкуулоого өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча болду.

Ал белгилегендей, ШКУ өлкөлөрүнүн жашыл энергетика боюнча III Эл аралык академиктер форуму 2026-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында өткөн. Аны Кыргызстандын Эл аралык университети, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана Кытайдын Сиань Цзяотун университети биргелешип уюштурган.

“Форумдун негизги темалары кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, энергетикалык өтүү, жашыл технологияларды киргизүү, ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү, инвестицияларды тартуу жана эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү болду.
Форумдун маанилүү окуяларынын бири катары “ШКУ өлкөлөрүндөгү жашыл энергетика: стратегиялар, жөнгө салуу жана келечеги” аттуу жамааттык илимий монографиянын бет ачары өттү. Бул эмгекте уюмга мүчө өлкөлөрдүн окумуштуулары менен эксперттеринин изилдөөлөрү бириктирилип, экологиялык жактан таза энергетиканы өнүктүрүүнүн заманбап ыкмалары каралган”, — деди Айдаралиев.

Ошондой эле форумдун алкагында “Бир алкак, бир жол” демилгесинин алкагында Кыргызстандын Эл аралык университетинде таза энергетика жана энергияны сактоо боюнча биргелешкен лаборатория түзүү долбоору сунушталганын белгиледи.

Мындан тышкары, санариптик технологияларды колдонуу менен энергияны үнөмдөө жана энергияны топтоо багытындагы адистерди даярдоочу демонстрациялык борбордун бет ачары да өткөн.

Академик илимий программанын жүрүшүндө катышуучулар аймактык кызматташууну өнүктүрүү, энергетика тармагы үчүн кадрларды даярдоо, ошондой эле кайра жаралуучу энергетика жаатындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун механизмдерин талкуулашканын баса белгиледи.

“Форумдун жыйынтыгында окумуштуулар ШКУ мейкиндигинде жашыл энергетиканы өнүктүрүүнүн бирдиктүү стратегиялык жол картасын иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешти. Алардын пикиринде, күч-аракеттерди бириктирүү энергетикалык коопсуздукту чыңдоого, климаттык чакырыктарга туруштук берүүгө жана аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет”, — деп кошумчалады Айдаралиев.